Главный » Кыргызский » Асылбек Өзүбеков - Жаралуу ак куу

Асылбек Өзүбеков - Жаралуу ак куу

Скачать эту Асылбек Өзүбеков - Жаралуу ак куу песню в высоком формате. Краткая информация о песне (128 кб / с, 2,17 MB)
Асылбек Өзүбеков - Жаралуу ак куу
Прослушать онлайн песню
Скачать песню
  • Слушали: 16
  • Размер: 2,17 MB
  • Длительность: 2:21
  • Качество: 128 kbps
  • Дата релиза: 24.10.2022
Текст песни: Асылбек Өзүбеков - Жаралуу ак куу
Күз келип салкын тартып а бул тарап
Келгиндер келген жакка кайтып барат
Каз-өрдөк каркылдашып туулган жерге
Кылчактап кош-кош сөзүн айтып барат

Асманга чаң түшүрүп ал бир замат
Капыстан тарс эткен үн кулак жарат
Каркылдап аянычтуу үн чыгарып
Салбырап жалгыз ак куу кулап барат

Куш эркин бийлеп алган жараат күчпү
Калдактап көк деңизге кулап түштү
Алдынан атырылып тосуп алды
Ак толкун аласалып абдан күчтүү

Топ ак куу бир карарып бир агарат
Жаралуу жан талашып көрүп барат
Жете албай максатына жерди чапчып
Өзүнчө туталанып өлүп барат

Антсе да алыс жактан көзүн албай
Жетем деп, учамын деп өзүн алдай
Канчалык кайратына келген менен
Өмүрү өчүп барат кыйган талдай

Караан жок карай салса курап күчтү
Максаты эски тамдай урап түштү
Деңизге узун бойлуу бир чабылып
Көзүнөн эки мончок кулап түштү
Кулап түштү кулап түштү